Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 28-сентябрда саат ондор чамасында Өзбекстанда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 4 баллга жакындаган.
Зилзаланын очогу Өзбекстанда, Сүлүктү шаарынан 96 чакырым түндүк-чыгышта, Баткен шаарынан 127 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.
Кыргызстандын калк жашаган аймактарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок.