Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Кырсык 16 октябрь 2026 14:15
Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Бүгүн саат 10:10до Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Ат-Ойнок кырка тоосунда, Алмалуу айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Көл шаарынан 28 чакырым түндүк-батышта жана Токтогул районунан 42 чакырым түштүк-батышта жайгашты.

Жер титирөөнүн күчү Ит-Сай, Алмалуу жана Кырк-Казык айылдарында 2 баллга чейин сезилди.