Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Нарында жер титиреди.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, очогунда күчү 3.5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн очогу Жаңы-Талап айылынан 12 чакырым түндүк-батышта, Баетов айылынан 31 чакырым түндүктө жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Көк-Жар, Жаңы-Талап, Ак-Кыя айылдарында – 3 балл, Ак-Тал, Сары-Иймек айылдарында – 2.5 баллга жеткен.