Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 23-сентябрда таңкы саат алтылар чамасында Тажикстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 4 баллды түздү.
Зилзаланын очогу Тажикстандын аймагында, Каравшин айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Жаңы-Турмуш айылынан 43 чакырым түштүктө, Исфана шаарынан 56 чакырым түштүк-чыгышта, Лейлек айылынан 55 чакырым түштүк-батышта, Баткен шаарынан 117 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Кыргызстандын Жаңы-Турмуш айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллды түздү.