Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Жидда – Ош багытындагы авиакаттамдар кайрадан токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришти.
Белгилей кетсек, 4-марттан баштап Жидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар кайрадан жандана турганы айтылган эле. Каттамдар жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылмак.
Ошондой эле Жидда — Бишкек багыты боюнча да каттамдарды калыбына келтирүү маселесин талкуулап жатканы белгиленген болчу.
Каттамдардын токтотулушунун себеби айтылган жок жана качан жанданары белгисиз.