Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Бишкекке кондиционери бар YUTONG үлгүсүндөгү 95 жаңы автобус алып келинди.
Мэриядан билдиришкендей, узундугу 12 метр болгон автобустар этап-этабы менен шаардык каттамдарга чыгарылып, жүргүнчүлөрдү тейлей баштады.
Бүгүн, 17-сентябрда таңкы саат 5:00дөн тарта алгачкы 17 жаңы автобус каттамга чыгып, жүргүнчүлөрдү тейлөөгө киришти. Буга чейин №153 каттамда иштеп келген автобустар башка шаардык каттамдарга бөлүштүрүлдү. Ал эми №153 каттамга жаңы YUTONG автобустары чыга баштады.
"Жакынкы убакта калган YUTONG автобустары да этап-этабы менен каттамга чыгарылып, шаардагы башка каттамдарга бөлүштүрүлөт",-деп айтылат маалыматта.