Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Улуу Британиянын бир нече аэропортторунда техникалык мүчүлүштүктөн улам дээрлик 2100 каттам токтоду, деп Интерфакс The Guardian гезитине шилтеме берип билдирди.
Ага ылайык, графиктеги көйгөйлөр кеминде 300 миң жүргүнчүнүн учуу пландарына таасирин тийгизген.
Ал ортодо Sky News агенттигинин маалыматы боюнча, эң көп каттам Лондондун Хитроу аэропортунда - 182, ошондой эле Манчестер, Лутон жана Эдинбург аэропортторунда учактар учкан эмес. Эң көп жабыркаган авиакомпаниялардын арасында British Airways`тин - 81 каттамы, EasyJet`тин 24 каттамы убактылуу токтогон.
Маалыматтарга караганда, NATS аба кыймылын башкаруу системасында техникалык мүчүлүштүк болуп, Улуу Британиянын 15тен ашык аэропортуна таасир эткен. Учурда бузулуунун себеби иликтенип жатканы айтылды.