Кыргызстан 10 Airbus учагын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Коом
Кыргызстан 10 Airbus учагын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Кыргызстан Airbus компаниясынын 10 учагын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов билдирди.

Анын айтымында, жакында Boeing компаниясынын өкүлдөрү менен учак сатып алууну талкуулаган сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле буга чейин эки учакты сатып алуу келишиминин алкагында Airbus компаниясынын президенти менен да сүйлөшүүлөр орун алган.

"Ошондо Airbus компаниясынын дагы 10 учагын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Азыр да талкуулар уланууда. Азырынча келишимдерге качан кол коюларын айта албайм. Узак жана орто мөөнөттүү келечекте Boeing менен Airbus компанияларынан учактар сатылып алынат. Анткени башка ири авиакомпаниялар айрыкча ушул компаниялардын учактарын пайдаланышат. Ошондуктан биз милдеттүү түрдө стратегиябызга жаңы учактарды сатып алууну камтыганбыз. Мен ошол учактарда кыргыз музыкалары жаңырып, кыргыз орнаменттеринин болушун кыялданып келем", — деди Данияр Бостонов.