Мораторийдин алынышы авиацияны өнүктүрөт – эксперт

Коом
Мораторийдин алынышы авиацияны өнүктүрөт – эксперт
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификатын (AOC) берүүгө киргизилген мораторийдин алынышы жаңы авиакомпаниялардын рынокко чыгышына, атаандаштыктын күчөшүнө жана тармакта токтоп турган иштердин жанданышына шарт түзөт. Бул тууралуу авиация тармагы боюнча адис Курманбек Акышев "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мораторий Кыргызстанды учуулардын коопсуздугу боюнча Европа биримдигинин "кара тизмесинен" чыгарууга байланыштуу иштерге көбүрөөк көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берген.

"Жаңы авиакомпанияларды сертификациялоо агенттиктин инспекторлорунан да, авиакомпаниялардын кызматкерлеринен да көп убакытты жана күчтү талап кылат. Эгер ошол учурда жаңы компанияларды текшерүүгө көбүрөөк көңүл бурулса, негизги иштерге убакыт жетишпей калышы мүмкүн эле. Инспекторлордун саны жетиштүү болгону менен, убакыт чектелүү болчу. Ошондуктан "кара тизмеден" чыгууга байланыштуу маселелерди чечүү үчүн мораторий киргизүү туура болгон", — деди ал.

Эксперт белгилегендей, жаңы авиакомпанияларды сертификаттоо учурунда инспекторлордун иш жүктөмү көбөйүп, бул жаңыдан түзүлгөн же кайра сертификациядан өтүп жаткан авиакомпаниялардын текшерүүдө кемчиликтерге алып келиши мүмкүн эле. Мындай жагдай Европа комиссиясынын же Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) текшерүүлөрүндө тобокелдиктерди жаратышы ыктымал.

Акышевдин пикиринде, мораторийдин алынышы менен авиакомпаниялар сертификациядан өтүү иштерин кайра баштап, штаттарын кеңейтип, кошумча кызматкерлерди кабыл ала башташат. Ошондой эле рынокко жаңы компаниялар кирип, талаптарга жооп бергендерине гана иштөөгө уруксат берилет.

"Мораторийдин алынышынын жакшы жагы — атаандаштык күчөйт. Авиакомпаниялардын саны көбөйүп, атаандаштык күчөгөн сайын көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты да жакшырат. Мындан тышкары, жаңы иш орундары түзүлөт", — деди эксперт.

Ал AOC сертификаты талаптарды толук аткарган авиакомпанияларга гана берилерин белгиледи. Сертификациялоо беш этаптан турат жана ар бир этап бир айга чейинки убакытты талап кылышы мүмкүн. Жалпысынан процесс үч айдан беш айга чейин же андан да узакка созулушу ыктымал.

"Сертификат жөн эле берилбейт, анын талаптары өтө катуу. Сертификациядан өтүүдө авиакомпаниялардын кызматкерлери да, инспекторлор да көп убакыт жана күч жумшашат. Бирок бул иштердин баары учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл", — деди ал.

Эксперттин белгилешинче, авиакомпаниялар учуулардын коопсуздугу, авиациялык коопсуздук жана жердеги коопсуздук боюнча талаптарды аткарууга тийиш. Мындан тышкары, алар ИКАОнун эл аралык талаптарына жана Кыргызстандын улуттук авиациялык эрежелерине жооп бериши керек.

"Авиациядагы талаптар өтө катуу. Алардын баарын аткаруу зарыл. Мораторийдин алынышы Кыргызстандын авиация тармагынын өнүгүшүнө чоң дем берет. Токтоп турган иштер эми кайра жандана баштайт", — деп кошумчалады Акышев.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2024-жылы авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификатын (AOC) берүүгө киргизилген мораторий алынды. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бул чечим жарандык авиацияны өнүктүрүүгө, жаңы авиакомпанияларды түзүүгө жана ички, эл аралык каттамдарды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.