Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 25-сентябрдан тарта Мурас-Ордо конушунан Ош базарына чейинки багытта каттаган №43 автобус каттамынын кыймыл схемасы өзгөрөт.
Мэриядан билдиришкендей, өзгөртүү каттамды оптималдаштыруу жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында киргизилүүдө.
Жүргүнчүлөргө №43 автобустун жаңы кыймыл багытын эске алып, сапарларын алдын ала пландап алуу сунушталат.