Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Бишкектин Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн реконструкциядан өткөн түндүк тарабын ачуу башка күнгө жылдырылды.
Мэриядан билдиришкендей, көпүрөнүн аталган бөлүгү келе жаткан дем алыш күндөрү ачылат.
Реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болчу. Оңдоо иштеринен кийин көпүрө кеңейтилип, азыр 13 метрге жетти. Көпүрөнүн жалпы туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу 25 метрди түзөт.
Белгилей кетсек, буга чейин мэрия аталган көпүрөнүн бир бөлүгү бүгүн унаа кыймылы үчүн ачыларын билдирген.