Кыргызстан кен байлыктарын 100% өз күчү менен иштете алат – президент

Коом
Кыргызстан кен байлыктарын 100% өз күчү менен иштете алат – президент

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.11.26. /Кабар/. Кыргызстан кен байлыктарын 100 пайыз өз күчү менен иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысы өлкөдө кен байлыктарды иштетүүгө керектүү адистер, тажрыйба жана мүмкүнчүлүктөр жетиштүү экенин белгиледи.

Анын айтымында, “Алтынкен” ишканасындагы мамлекеттин үлүшүнөн 2011–2022-жылдары 11 жыл ичинде 4 млн доллар гана киреше түшсө, 2022-жылдан бери дивиденд түрүндө 241 млн доллар алынган. Мындан тышкары, ишкана салыктарды жана жергиликтүү төлөмдөрдү кошкондо 68 млрд сом төлөгөн.

Ошондой эле ишканада 800дөн ашуун адам эмгектенип, алардын 93 пайызы жергиликтүү тургундар экенин айтты.

Президент мурда чет өлкөлүк компаниялардын карамагында болгон бир катар кендер мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, учурда өз күчүбүз менен иштетилип жатканын белгиледи. Анын ичинде Кумтөр, Кызыл-Омпол жана Талды-Булак кендерин атады.