Жибек Жолу көчөсүндөгү көпүрөнүн бир тарабы бүгүн ачылат

Коом Загрузка... 10 Март 2026 09:05
5.jpeg
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Бүгүн түштөн кийин Бишкектин Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн реконструкциядан өткөн түндүк тарабы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, модернизациялоо иштеринен кийин көпүрөнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгү кыйла жогорулады. Эгерде буга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метрди түзсө, жаңылоодон кийин ал 13 метрге чейин кеңейтилди.

"Аба ырайынын өзгөрүүсүн жана шаардыктардын ыңгайлуулугун эске алуу менен көпүрөнүн бир тарабы унаа кыймылы үчүн ачылууда. Ал эми экинчи тарабын март айынын аягында ачуу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан реконструкциялоо иштеринин калган бөлүгүн толук аяктоо боюнча жигердүү иштер улантылып жатат.