Бишкек, 08.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына инженердик тосмолорду орнотуу иштерин 2027-жылга карата планга киргизүүнү тапшырды. Бул тууралуу президент Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Жолугушууда Кемин районундагы Кичи-Кемин айылдык кеңешинин төрагасы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында инженердик тосмолордун жоктугу маселесин көтөрдү.
Ал казак тарап чек арага тосмолорду орнотконун, ал эми Кыргызстан бул иштерди толук бүтүрө электигин түшүндүрдү. Анын айтымында, айрым тилкелерде тосмолор бар.
Ошондой эле тосмолордун жоктугунан улам жергиликтүү тургундардын малы кээде коңшу мамлекеттин аймагына өтүп кетери белгиленди. Мындай учурларда эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын ортосундагы макулдашылган тартипке ылайык, мал кайра Кыргызстанга кайтарылат.
Кызматтын өкүлү кыргыз-казак жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкелерине инженердик тосмолорду орнотуу пландаштырылганын да маалымдады.
Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы тосмолорду орнотуу иштери толук аяктаган-аяктаганын тактады. Мамлекет башчысына иштер толугу менен бүткөнү маалымдалды. Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасындагы иштерди кийинки жылы бүтүрүү пландалып жатканы айтылды.
Мамлекет башчысы кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги тосмолорду орнотуу иштерин да 2027-жылга карата планга киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырып, Кыргызстан тараптан да тосмолор орнотулушу керектигин белгиледи.