Жапаров жарандарды үй куруу жана оңдоо үчүн насыя албоого чакырды

Коом
Жапаров жарандарды үй куруу жана оңдоо үчүн насыя албоого чакырды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров жарандарды насыя алууда каржылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, үй куруу жана оңдоо үчүн насыя албоого чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушууда жергиликтүү тургундардын бири жолдошу экөө тең пенсионер экенин айтып, үйүн оңдоп-түзөө үчүн жылдык 10 пайыздык үстөк менен насыя алууну көздөп жатканын билдирди.

Мамлекет башчысы аялдан насыяны кайсы каражаттын эсебинен төлөй турганын сурап, карыз алууда жакшылап ойлонуу керектигин эскертти.

“Үй куруу жана оңдоо үчүн насыя алууну токтоткула. Акча алдыңарбы, аны үстөгү менен кайтарышыңар керек экенин түшүнүшүңөр зарыл. 10 пайыздык насыяны актоо үчүн алган акчаңардан кеминде 30 пайыз киреше табышыңар керек. Болбосо банкрот болуп, күрөөгө койгон үйүңөрдөн да айрылып калышыңар мүмкүн”, — деди Садыр Жапаров.

Анын айтымында, жарандар насыя алуудан мурда аны төлөө мүмкүнчүлүгүн алдын ала эсептеп чыгышы керек.

Президент эгерде жетиштүү киреше болбосо, үйдү оңдоону убактылуу кийинкиге жылдырып, жашоо шартын өз каражатынын эсебинен акырындап жакшыртуу туура болорун белгиледи.

Ал үй куруу үчүн жылдык 31 пайыздык үстөк менен насыя алган жаран кийин аны төлөй албай, үйүнөн ажырап калган учурду мисал катары келтирди.

“Азыр силерге 5-6 пайыздык үстөк менен насыя берсе дагы, үйдү оңдоого жумшалган акча өзүн актабайт. Ал эми ошол каражатты бизнеске салып, мисалы, өндүрүш ачсаңар же соодага жумшасаңар, анда салган акчаңардан киреше табууга мүмкүнчүлүк болот”, — деди мамлекет башчысы.