Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнү оңдоп-түзөө иштери уланууда

Коом Загрузка... 16 Декабрь 2025 11:20
WhatsApp Image 2025-12-15 at 18.31.04.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.12.25 /Кабар/. Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнү оңдоп-түзөө иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорту инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин жетектөөчү адиси Рашид Акколиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Жибек жолу проспектисиндеги Аламүдүн дарыясы аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо иштери уланууда. Качан бүтөрү белгисиз.

“Учурда бетон төшөө иштери жүрүүдө. Устундарды орнотуу, тирөөч дубалдарын орнотуу иштери аяктады. Ал эми учурда суук аба ырайында асфальт төшөй албайбыз. Ошого биз көпүрөнүн бир бурчун жөө жүргүнчүлөр үчүн ачып берели дегенбиз”,-деди ал.