Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкердин (ЖИ) ишин токтотуу жол-жобосу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, жеке ишкердикти жоюу үчүн катталган жери боюнча салык органына ишкердик ишти токтотуу жөнүндө арыз берүү керек.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
– салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгарууга арыз (DOC STI-164 формасы);
– өздүгүн тастыктаган документ;
– салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жоюу отчетторун, ошондой эле эгерде салык төлөөчү берүүдөн бошотулбаган болсо - бирдиктүү салык декларациясын.
Эгерде ишкер контролдук-кассалык машинаны колдонсо, аны эсептен чыгарып, техникалык тейлөө борборунан маалымкат берүү зарыл.
Арыз берилгенден кийин салык отчеттуулугун жана транзакциялык иш-аракеттерди текшерүү жүргүзүлөт. Салык милдеттенмелери жок болгон учурда салык органы 15 жумушчу күндүн ичинде жоюу жөнүндө чечим чыгарат жана аны салык төлөөчүгө тапшырат.
Салык милдеттенмелеринин тобокелдиктери аныкталган учурда көчмө салыктык текшерүү дайындалат, анын жыйынтыгы боюнча жоюу жөнүндө чечим кабыл алынат.
Ишмердик ишти токтотуу жол-жобосу аяктаганга чейин ишкер жаңысын каттай албай тургандыгын белгилейбиз.
Салык декларациясын кошпогондо, салык отчеттору боюнча маалыматтар жок болгон учурда отчет берүү талап кылынбайт.
Салык мыйзамдарына ылайык салык декларациясын тапшыруудан бошотулган жеке ишкерлер ишин токтоткондо да аны тапшырышпайт. Бул категорияга төмөнкүлөр кирет:
– өзгөчө режимдеги соода зоналарында иш жүргүзгөндөр;
– 0%, 0,1%, 0,5% жана 1% ставка менен бирдиктүү салык боюнча иштегендер;
– патенттин негизинде иштегендер;
– юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалар катары катталгандар.
Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге мындан аркы милдеттенмелердин келип чыгышына жол бербөө үчүн ишин токтотуу жол-жобосун өз убагында аяктоону сунуштайт.