Ипотекалык турак жай: курулуштун масштабы, баалар жана кезек кандай жылууда?

Коом 29 сентябрь 2026 19:50
Ипотекалык турак жай: курулуштун масштабы, баалар жана кезек кандай жылууда?

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда учурда 83 миңден ашык ипотекалык батирдин курулушу жүрүп, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин республика боюнча 20 миң батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Ал эми өлкөдө жалпысынан 100 миңдин тегерегинде жаран “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасы аркылуу батир алуу үчүн кезекте турат. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) уставдык капиталынын көлөмү болжол менен 2 млрд долларды түзөт.

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, курулушу жүрүп жаткан турак жайларды белгиленген мөөнөттө бүткөрүү жана пландаштырылган көрсөткүчтөрдү аткаруу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө.

“Бүгүнкү күндө республика боюнча 83 миңден ашык батирдин курулуш иштери жигердүү жүргүзүлүүдө. Ал эми 2026-жылдын аягына чейин 20 миң батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Ошол эле учурда курулуш тармагында ар кандай жагдайларга байланыштуу айрым кечигүүлөр болушу мүмкүн. Буга карабастан, белгиленген пландарды өз мөөнөтүндө ишке ашыруу боюнча иштер улантылууда”,- деп айтылат маалыматта.

Кийинки ипотекалык үйлөр качан берилет?

МИКтин маалыматына ылайык, аталган объектилерде курулуш иштери өз мөөнөтүндө аяктаса октябрь айында төмөнкү даректерде батирлерди тапшыруу пландалууда:

- Бишкек шаарындагы Маликов көчөсүндө 1104 батир, Бегматов көчөсүндө 105 батир;

- Манас шаарындагы Малашев көчөсүндө 600 батир, Садыров көчөсүндө 1065 батир;

-Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылында 312 батир;

-Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Карасаев көчөсүндө 500 батир;

-Нарын облусунун Нарын шаарынын Молдоев көчөсүндө 216 батир;

-Кочкор районунун Кочкор айылында 217 батир.

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында курулган “Асман Резиденс-1” турак жай комплексинин салтанаттуу ачылыш аземинде маалымдагандай, азыркы учурда өлкө боюнча 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж, алардын ичинен 100 миңге жакын үй-бүлөнү 2026-2027-жылдары турак жай менен камсыз кылуу мерчемделүүдө.

“Мамлекет алдындагы узак мөөнөттүү милдетти – 2030-жылга чейин Кыргызстандагы турак жайга муктаж болгон бардык үй-бүлөлөрдү жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу. 2030-жылга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания райондук борборлордо, чакан шаарларда жана айылдарда турак жай курулуштарын кеңейтүүнү пландап жатат. Жеке турак жай фондун, анын ичинде өткөн кылымдын орто ченинде курулган үйлөрдү жаңыртууга жана модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулат”,- деди Жапаров.

Белгилей кетсек, президент учурда көлөмү болжол менен 2 млрд долларды түзгөн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын мындан ары көбөйтүү зарылдыгын айткан.

Ипотекалык батирлердин баалары

МИК маалымдагандай, кезекте тургандар үчүн турак жайдын баасы объекттин жайгашкан жерине жараша болот. Жалпысынан бир чарчы метрдин баасы 900 доллардан 1 миң 200 долларга чейинки бааны түзөт. Аймактардагы объекттердин көпчүлүгүндө бир чарчы метрдин баасы негизинен 900 доллардын тегерегинде болот. Бирок, айрым объекттерде баа айырмаланышы мүмкүн деп айтылат маалыматта.

“Сом менен эсептегенде, кезекте тургандар үчүн бир чарчы метрдин эң төмөнкү баасы 78 миң 705 сомду, ал эми эң жогорку баасы 104 миң 940 сомду түзөт. Ал эми үлүштүк курулушка катышуучулар үчүн турак жайдын баасы бир аз жогору болот. Бул жерде да баа объекттин жайгашкан жерине жараша аныкталат. Бишкек шаарындагы жана аймактардагы объекттер боюнча баалар бири-биринен айырмаланышы мүмкүн. Бардык баалар МИКтин расмий сайтында ачык жарыяланган. Ар бир жаран конкреттүү объект боюнча турак жайдын актуалдуу баасы менен тааныша алат”,- деп билдирди МИК.

Батир алууда кезек кандай жылат?

Маалымдалгандай, батирлер жарандарга берилгенден кийин кезек дароо жылбайт. Бул белгилүү бир убакытты талап кылган процедура. Батир берилгенден кийин МИКтин кызматкерлери порталда жарандын статусун тиешелүү статуска кол менен өзгөртүшөт.

Мындан тышкары, жарандын кезеги келгенде, анын белгиленген талаптарга жооп берери кайрадан текшерилет. Кээде кезеги келген учурда жаран талаптарга жооп бербей калышы мүмкүн. Мындай учурда ага батир берилбейт жана кызматкер анын порталындагы статусун тиешелүү статуска өзгөртөт.

Жарандардын статусу өзгөртүлгөндөн кийин кезек андан ары жылат. Ошол эле учурда “Түндүк” тиркемесинде кезектин жылышы автоматтык түрдө чагылдырылат. Бул иш-аракеттер орточо эсеп менен бир айга жакын убакытты талап кылат. Ошондуктан батир берилгенден кийин жарандар кызматкерлер ишти аяктап, порталдагы статустарды өзгөрткөнгө чейин белгилүү бир убакыт күтүшү керек болот. Андан кийин кезектин жылышы “Түндүк” тиркемесинде автоматтык түрдө көрсөтүлөт.

Ипотека жана инфляция: негизги шарттар келишимде аныкталат

Экономика илимдеринин доктору, профессор Сагын Чалбаева ипотекага батирди узак мөөнөткө алганда инфляциянын таасири сөзсүз болорун, бирок төлөмдөрдүн шарттары келишимде алдын ала так көрсөтүлөрүн “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

“Биз азыр рыноктук экономиканын шартында иштеп жатабыз. Механизмдердин баары ошол рынок экономикасынын шартына тиешелүү болот. Азыр ипотека алган жарандар келишим түзүшөт, бардыгы ошол документте каралат. Инфляция жыл сайын көтөрүлөт, дүйнө жүзүндө кризистер, экономика багыттарында өзгөрүүлөр болуп жатат. Дүйнөлүк тенденцияга жараша негизи инфляциянын айырмасын сөзсүз алган тарап төлөшү керек болот. Келишим түзүлүп жатканда бардыгы каралып, канча жылга алынганына жараша, 15 же 20 жылгабы карап эсептеп беришет.

Ипотекага батирди ар бир жаран шартына, өз мүмкүнчүлүгүнө жараша алат. Мында бир, эки же үч бөлмөлүү батирдин аянтына жараша суммасы бекитилет. Мисалы, бизде көбүнчө баштапкы төлөмсүз 25 жылга чейинки мөөнөткө бөлүнөт. Ал эми 25 жылдан кийинки экономикалык абал, болжол кандай болот белгисиз. Экономист катары математикалык логика менен алганда инфляция сөзсүз болот. Инфляциянын айырмасын үй алып жаткан жарандар өздөрү төлөшү керек болот. Негизинен келишимде кандай жазылса ошондой аткарылат”,- деди Чалбаева.

Экономист ошондой эле ипотекага батир алуу ар бир жарандын жеке тандоосу жана жоопкерчилиги экендигин белгиледи.

“Ипотекага батир алуу бул — ар бир жарандын өзүнүн тандоосу жана жоопкерчилиги. Келишимде кандай жазылса, ошондой болот. Бирок, курулуш материалдарынын баасы көтөрүлүп, инфляция болгондо айрым учурларда рынокто баалар өзгөрүшү мүмкүн. Бирок, келишимде башында кандай бекитилсе, ошол баа аягына чейин өзгөрбөйт деп жазылса, анда тараптар ошол келишимдин шартын аткарышы керек. Бул жерде бардыгы келишим түзүлгөн мекеме менен жарандын ортосундагы милдеттенмелерге көз каранды”,- деди экономист.

Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп, 2026-жылдын башынан бери өлкөдө берилген батирлер:

- 12-январда Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинин экинчи этабында 1080 ипотекалык батирдин ачкычы ээлерине тапшырылды;

- 8-июнда Ош шаарындагы “Асман Резиденс №1” турак жай комплекси расмий ачылып, алгачкы батир ээлерине ачкычтары тапшырылды;

- 24-июлунда Талас шаарында "Тынчтык Ордо" турак жай комплексинин 319 батирдин ачкычы тапшырылды;

- 29-сентябрда Бишкекте курулган 1050 батирлүү “Асман Резиденс-1” турак жай комплекси ачылып, куч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине батирлер тапшырылды.

Мамлекеттик ипотекалык программага 18 жаштан жогорку, белгиленген талаптарга жооп берген Кыргызстандын жарандары катыша алат. Жарандардын категориясына жараша турак жай социалдык жана жеңилдетилген ипотека боюнча жылдык 4 пайыздан, арзан ипотека боюнча 8 пайыздан башталган шарттар менен 25 жылга чейин берилет. Мында айрым категориялар үчүн баштапкы төлөм талап кылынбайт. Бишкек жана Ош шаарларында үлүштүк курулуш механизми колдонулуп, турак жайдын наркынын кеминде 50 пайызы алдын ала төлөнүп, калган сумма батир пайдаланууга берилгенден кийин төлөнөт. Аймактарда да үлүштүк курулуш механизми каралган. Мындан тышкары, "Элдик банк" менен биргеликте баштапкы төлөмдүн 50 пайызын топтоого багытталган "Топтомо ипотекасы" ишке киргизилген.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына караганда, 2025-жылдын жыйынтыгында 4 миң 662 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон. Бул көрсөткүч 2024-жылы 1 миң 197 үй-бүлөнү түзгөн. МИК аркылуу турак жай алууга электрондук кезекке катталуу 2022-жылдын 21-февралында башталган.