Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компанияга өтүнмө берүүдө кезекке турууну каалаган жаран 235 сом, ал эми үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү үчүн 212 сом төлөйт. Бул тууралуу компания маалымдады.
Маалыматка ылайык, 235 сомдун 212 сому кадастр кызматына, 3 сому паспорттук маалыматтарды текшерүү кызматына, 20 сому мобилдик оператордун SMS-билдирүү кызматына төлөнөт.
Ал эми үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү үчүн алынуучу 212 сом кадастр кызматына багытталат.
Компания белгилегендей, бул төлөмдөр МИКтин бюджетине түшпөйт. Каражаттар тиешелүү кызматтарды көрсөткөн мекемелерге которулат.