Баткенде 4 миңден ашык батирлүү турак жай комплекстери курулууда — Садыр Жапаров

Аймак 11 октябрь 2026 16:20
Баткенде 4 миңден ашык батирлүү турак жай комплекстери курулууда — Садыр Жапаров
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания Баткен облусунда 4 миң 116 батирге ылайыкталган турак жай комплекстерин куруп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун жашоочулары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, облустагы 38 социалдык жана өндүрүштүк объекттин 30унда курулуш жана капиталдык оңдоо иштери аяктады. Калган 8 объектти жыл аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Президент Сүлүктү шаарындагы жана Лейлек районундагы бир катар инфраструктуралык маселелерди чечүү боюнча пландарга да токтолду.

Маалымдалгандай, жер көчкү коркунучу бар аймактардагы турак үйлөрдү көчүрүү үчүн Сүлүктүнүн четиндеги Кароол-Кыштак жана Майтоңбос участкаларынан жер бөлүп берүү маселеси каралууда.

Ошондой эле шаардагы таза суу жана саркынды суу системаларын жаңылоо пландалып жатканы айтылды. Бул багытта таза суу түтүктөрү реконструкцияланып, зарыл болгон жерлерге альтернативдүү суу түтүктөрү тартылмакчы.

Мындан тышкары, Сүлүктү шаарынын 15 чакырым негизги жолуна альтернативдүү жол салуу маселеси каралып жатканы кабарланды. Адистер долбоорду изилдеп чыккандан кийин каржылоо булактары аныкталып, курулушту баштоо пландалууда.

Президент белгилегендей, Сүлүктүдө поликлиника куруу үчүн долбоордук-сметалык документтер даярдалгандан кийин курулуш республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Ошондой эле Лейлек районунда сел коркунучу бар кооптуу тилкелерге дамбаларды куруу боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалгандан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тиешелүү иштерди жүргүзөөрү маалымдалды.

Мындан сырткары, сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн ички каналдарды тазалоо жана сугат суу скважиналарын куруу пландалып, айылдарда жаш үй-бүлөлөр үчүн турак жай курууга жер тилкелери бөлүнүп жатканы кошумчаланды.