Жеке ассистенттердин айлыгы көбөйүп, полис алуу тартиби жөнөкөйлөдү

Коом Загрузка... 09 Февраль 2026 12:38
365808.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда жеке ассистенттер камсыздандыруу полисин өз алдынча сатып алуудан бошотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан тартып туруктуу кароого жана көзөмөлгө муктаж балдарга жана бала чагынан I топтогу майыптыгы бар адамдарга кызмат көрсөтүүчү жеке ассистенттердин эмгек акысынын өлчөмү ченемдик-укуктук актыга ылайык кайра каралды. Жеке ассистенттин кызматтары үчүн ай сайынкы төлөм 8 697,32 сомду түзөт.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-мартынан тартып жеке ассистенттер милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин өз алдынча сатып алышпайт.

"Мындан ары бул функция министрликтин аймактык бөлүмдөрү менен салык кызматынын бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде ишке ашырылат. Бул жаңылануу балдарга жана майыптыгы бар адамдарга кам көргөн жеке ассистенттердин кызмат акысын төлөө боюнча ай сайын жүргүзүлүүчү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.