Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолунун 5,1 чакырым бөлүгүндө асфальт төшөө иштери толук аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдун төмөнкү жана үстүнкү катмарна толук асфальт төшөлдү. Долбоор боюнча иштердин жалпы аткарылышы учурда 97%ды түзөт.
"Учурда жол белгилерин орнотуу, жол чийиндерин түшүрүү, жол тосмолорун орнотуу жана аялдамаларды бүткөрүү иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.
Реконструкциянын алкагында жол 2 тилкеден 4 тилкеге чейин кеңейтилди. Ошондой эле негизги жолго катарлаш Биримдик-Кут конушуна кирүүчү узундугу 2 чакырым болгон эки тилкелүү кошумча жол салынды.
Белгиленгендей, Лебединовка – ГЭС-5 жолун реконструкциялоо иштери 2025-жылдын 26-февралында башталган.