Жол курууда жаңы ыкма колдонулуп, каражат үнөмдөлүүдө – министр

Коом
Жол курууда жаңы ыкма колдонулуп, каражат үнөмдөлүүдө – министр
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.11.26. Кабар/. Кыргызстанда жол курууда алгачкы жолу пилоттук негизде ресайклинг технологиясы колдонулуп, 20 млн сом үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаевдин маалыматына ылайык, жаңы ыкма Кант – АБЗ унаа жолунун 5 чакырымдык бөлүгүндө сыноодон өткөрүлдү.

“Анын алкагында эски жолдун материалдары кайра иштетилип, жаңы жол курууда пайдаланылды. Салттуу ыкма менен реконструкциялоого 90 млн сом талап кылынса, ресайклинг технологиясынын негизинде иштерге 70 млн сом жумшалды. Натыйжада алдын ала эсеп боюнча 20 млн сом үнөмдөлдү”, – деди ал.

Министр билдиргендей, пилоттук долбоордун техникалык жана экономикалык жыйынтыктары оң бааланса, бул ыкманы өлкөнүн башка жолдорунда да колдонуу пландалууда.