Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Кара-Суу районундагы Курбан-Кара – "Ынтымак" өткөрмө пункту унаа жолунун 7,5 чакырым тилкесинде реконструкциялоо иштери уланууда.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда асфальт төшөө иштери башталды.
Долбоорго ылайык, унаа жол төрт тилкелүү болуп, жалпы туурасы 25 метрди түзөт. Ошондой эле жол боюнда ирригациялык арыктарды куруу жана калктуу конуштарда жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарларды салуу каралган.
Курулуш иштерине жалпысынан 42 атайын техника жана 56 жол кызматкери тартылган.