Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Өлкөдө жол тармагына быйылкы жылга 69 миллиард сом каралып, анын ичинен 56,4 миллиард сом каржылануу менен 1 883 чакырым жолго асфальт төшөлдү, бул өткөн жылга караганда 1,2 эсеге көп. Бул тууралуу маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы жол тармагына 57 млрд сом жумшалып, 1 миң 545,7 чакырым жолго асфальт-бетон төшөлгөн.
“Ири автожол долбоорлорунун бири — Барскоон–Бедел жолунун курулушу. Учурда бул долбоорго 1 миң 700дөн ашык жумушчу жана 814 атайын техника тартылган. Туннелдерди казуу иштери жүрүп жатат. Негизги курулушту 2029-жылы аяктап, жолду 2030-жылы толук пайдаланууга берүү пландалууда”, — деди Адылбек Касымалиев.
Ошондой эле Бишкек шаарынын 33,4 чакырымдык түндүк айланма жолу кеңейтилип, 16 чакырымдык чыгыш айланма жолу курулууда. Долбоорлордун алкагында эстакадалык көпүрөлөр жана жаңы жол түйүндөрү салынып, транзиттик каттамдардагы жол тыгындарын азайтуу каралган.
Мындан тышкары, быйыл Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолундагы өлкөнүн эң узун, 3,9 чакырымдык “Көк-Арт” туннели аркылуу жайкы каттам ачылган. Анын ишке кириши Бишкек–Ош жолундагы транспорттук жүктү жеңилдетип, Жалал-Абаддан Балыкчыга чейинки жол жүрүү убактысын 13 сааттан 6 саатка чейин кыскартууга мүмкүнчүлүк түзгөндүгү айтылды.
Темир жол тармагында да бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Тактап айтканда, быйыл июль айында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Балыкчы–Кочкор темир жолу ачылып, октябрь айынан тартып Кочкордон Бишкекке көмүр темир жол аркылуу ташыла баштады. Бул автомобиль жолдоруна түшкөн жүктү азайтууга багытталган.
Андан тышкары, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу да маалымат берилди.
“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна 10 миңден ашык адис жана жумушчу тартылган. Бул стратегиялык долбоор Кыргызстанды эл аралык транспорттук коридорлорго интеграциялоого, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана тышкы соода байланыштарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт”, — деп белгиледи минкаб төрагасы.