Жыл сайын 2 миң чакырымга жакын жолду асфальттоо пландалууда – министр

Экономика

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда жыл сайын кеминде 1,5-2 миң чакырым жолду асфальттап, өлкөдөгү жолдорду этап-этабы менен жакшыртуу пландалууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү жолдордун жалпы узундугу 35 миң чакырымга жакын. Анын 19 миң чакырымдан ашыгы Транспорт министрлигинин карамагында.

"Бул жолдордун жарымынан көбү асфальтталган, калганы шагыл төшөлгөн жолдор. Алар негизинен жергиликтүү маанидеги төртүнчү жана бешинчи категориядагы, айылдарга жана жайыттарга баруучу жолдорду түзөт", - деди министр.

Солтобаев жолдорду асфальттоо иштери келечектеги негизги программалардын бири экенин кошумчалады.