Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Чапаев – Кегети – Арпатекир унаа жолундагы асфальт-бетон төшөө иштеринин сапатына текшерүү жүргүзүлдү.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө жолдун 3,2 чакырымдык тилкесинде асфальт-бетон төшөө иштери курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, ошондой эле жол куруу иштерине карата белгиленген ченемдик-техникалык талаптардын бузулушу менен аткарылганы аныкталды.
Жыйынтыгында подряддык уюм — "Дол Нур ЛТД" ЖЧКсына карата акт түзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилди. Ошондой эле аталган уюмга 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Берилген көрсөтмөнүн негизинде подряддык уюм тарабынан талаптарга жооп бербеген асфальт-бетон катмары демонтаждалып, жол төшөө иштери белгиленген технологиялык талаптарга ылайык кайрадан аткарылууда.