Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Ысык-Көл облусундагы бир катар автомобиль жолдорунун курулушу жана оңдолушу менен таанышып, иштердин сапатына жана мөөнөтүнө көңүл бурууну тапшырды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Жети-Өгүз–Кой-Сары, Барскоон–Каракол, Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол, Каракол – Эңилчек, Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң, Түп – Кеген жана башка жолдордогу иштерди көрдү. Ошондой эле "Ала-Тоо Резорт" тоо лыжа базасына баруучу жолдун курулушу менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө ал тиешелүү кызматтарга жол курулуштарынын сапатын камсыздап, белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.
"Элге жакшы жол керек. Ошондуктан курулуштун сапаты да, мөөнөтү да министрликтин көзөмөлүндө", - деди Солтобаев.