Нарындагы Ленин көчөсү толугу менен асфальтталды

Аймак 7 сентябрь 2026 11:25
copyright icon Талант Солтобаевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев Нарын шаарындагы жол куруу жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди.

Министрликтен билдиришкендей, узундугу 9,025 чакырым болгон Ленин көчөсүнүн негизги бөлүгүнө асфальт-бетондун төмөнкү жана үстүңкү катмарлары толук төшөлдү.

Ошондой эле автожол көпүрөсүн капиталдык оңдоо жана жаңы жөө адамдар өтүүчү көпүрөнү куруу иштери да аяктады.

Учурда жолдун айрым бөлүктөрүн асфальттоо, аялдамаларды, светофорлорду, тосмолорду жана жол белгилерин орнотуу иштери уланууда. Объектте 84 жумушчу, 9 инженер-консультант жана 19 атайын техника иштеп жатат.