Акыркы жылдары Кыргызстанда жол инфраструктурасын жаңылоого багытталган масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Мында жөн гана жаңы жол куруу эмес, аймактарды байланыштыруу, каттамдардын сапатын жогорулатуу жана өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максаты коюлган. Өлкөнүн бюджетинин кирешесинин көбөйүшү менен инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылууда. Мурда жол курууга жылына 2 миллиард сомго жакын каражат бөлүнсө, акыркы жылдары бул көрсөткүч 60 миллиард сомго жетти. Кыргызстанды аймактагы транспорттук-логистикалык түйүнгө айландыруу максатында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулууда. “Кабар” агенттиги акыркы жылдары өлкөнүн күрөө тамыры катары кызмат кылган жол тармагындагы алгылыктуу иштерди айтып берет.
Токтоназар Ашырбековдун транспорт тармагында эмгектенип келе жатканына 20 жылдын жүзү болду. Жолчу кесиптештери менен бергеликте ысык-суукка карабай жол инсфраструктурасын жакшыртууга жең түрө иштөөдө.

Токтоназазар Ашырбековдун пикиринде, жолдор кеңейтилип, жаңылары салынып өлкө ичинде да, коңшу мамлекеттер менен да байланыштар чыңдалып, айрыкча соода-сатыкка оң таасирин тийгизүүдө.
“Мен учурда Чүй облусунун аймагындагы жолдорду караган №39 Жол тейлөө ишканасында эмгектенип жатам. Жолдорду оңдоп-түзөп, кышында кардан тазалап, туз-кум аралашмасын чачып, унаалардын тоскоолдуксуз жүрүшүнө шарттарды түзүү биздин мойнубузга жүктөлгөн. Мына азыр атайын техникалар келип жаткандыктан, жолчулардын иши кыйла жеңилдеп калды. Темир жолдор курулууда. Ага улай эле транспорттун агымы үчүн айланма жолдор салынып жатат. Район-шаарлардан жайлоолорго чейин жолдор асфальтталып баштады”, - деди жолчу.
Токтоназар Ашырбековдун жол-транспорт тармагына кошкон зор салымы жана үзүрлүү эмгеги бааланып, бүгүн кесиптик майрамында министрлиер кабинетинин ардак грамотасы менен сыйланды.

“Кабар” агенттигинин каарманындай талыкпаган жолчулардын иш-аракети менен райондордогу айылдар арасында 35 жылдан берки таштак жолдорго асфалть басыла баштады. Мисал келтире кетсек, Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймагында жайгашкан Зардалы айылында жыл сайын май-июнь айларында гана жол каттамы ачылып, кыш келгенде каттам токточу. Эми алыскы айылга жеткирүүчү жол курулуп, Зардалыга баруу жеңилдеди.

2026-жыл жол тармагы үчүн масштабдуу милдеттердин жылы болууда. Республика боюнча 1500 чакырымдан ашык жолго асфальт-бетон төшөө пландалган. Бүгүнкү күндө 1 800 чакырымдай жол пландан ашыкча аткарылды. "Кабар" агенттигине транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдиргендей, жыл соңуна чейин дагы 200 чакырымдай жол асфальтталат. .

Министрдин айтымында, акыркы 4-5 жылдын ичинде сатып алынган жана алдыга пландалган техникалардын жалпы саны 1500гө жетет.
"Жыл аягына чейин быйыл асфальтталган жолдордун узундугу 2 миң чакырымга жеткирилет. Жылдан-жылга өлкөдө жол куруу иштери көбөйгөндүктөн жолчуларды техника менен камсыздоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жолчуларга жыл соңуна чейин 118 техника тапшырылат. Алдыдагы жылдары дагы техника сатып алуу, жаңылоо жана чарбалык керектөөлөрдү камсыз кылуу чараларын күчөтүү көздөлүүдө. Жол куруу көлөмү жыл сайын өсүп жаткандыгына байланыштуу техниканын жетишсиздигин жоюу үчүн курулуштун көлөмүнө жараша техникаларды көбөйтүү учурдун талабы”, - деди министр.
Акыркы жылдары жол тармагын техникалык жактан жаңылоодо маанилүү өзгөрүү болду. Жаңы техникаларды мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатып алууга басым жасалды. 2022-2026-жылдар аралыгында жолчулар 1344 техника менен камсыздалды.

Жол салынып жаткан аймакка таш майдалоочу, асфальт-бетон заводдорду курулуп, жол чыгымдарын кыйла эле үнөмдөөгө өбөлгө түзүүдө. Натыйжада жол куруу жана оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүлүп жатат.
Өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатуу максатында эс алуучулар барчу жайларга чейин унаа жолдор курула баштады. Арашан–Чуңкурчак, Чолпон-Атанын жаңы айланма жолу, Кырчын жайлоосуна, Ак-Суу капчыгайына, Жыргалаң курортуна, Сары-Челек, Арстанбап, Кара-Алма сыяктуу туристтик аймактарга, ошондой эле Кербен жана Ала-Бука багыттарына баруучу жолдор курулду.

Кыргызстан үчүн темир жол өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүчү, жаңы рынокторго жол ачуучу жана Борбор Азиядагы транзиттик ролун чыңдоочу стратегиялык багыт болууда. Буга байланыштуу эң ири долбоорлордун бири Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулуда.

Жаңы темир жол Кытайды Кыргызстан аркылуу Өзбекстан жана андан ары башка өлкөлөр менен байланыштырат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жаңы каттам Чыгыш Азиядан Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Европа багыттарына жүк ташуу аралыкты кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.
2022-жылы Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушу башталган. Бул долбоордун биринчи этабында Балыкчы – Кочкор тилкеси аяктап, Кочкор станциясы ачылды. Бул долбоорду Кыргызстан өз каражатынын эсебинен ишке ашырып жатат. Өлкөдө бир жагынан ички темир жол тармагы кеңейсе, экинчи жагынан Кыргызстанды эл аралык транспорттук коридорлор менен байланыштырган жаңы жол курулууда. Алдыдагы жылдарда Кочкордон Кара-Кечеге андан ары Макмалга чыгуу иши турат. Мындан тышкары, Балыкчы – Чолпон Ата темир жолун куруу пландалууда.

Жолду тейлөөдө акыркы үч жылдан бери министрликке караштуу ишканада чыгарылган жол белгилери, аялдамалар, таштанды урналары жана жол инфраструктурасына керектүү башка экаражаттар пайдаланылууда.

Мурда бир жол белгиси орточо эсеп менен 4 миң сомго сатылып алынса, азыр анын баасы өз өндүрүшүндө 2,5 миң сомдун тегерегин түзөт.
Бүгүн күндө өлкөнүн транспорттук инфраструктурасы жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Түндүктөн түштүккө, шаардан айылга, айылдан тоого чейин жаңы жолдор салынып, эски каттамдар жаңыланууда. Автомобиль транспорту санариптештирилип, транспорттук көзөмөлдүн жаңы системалары киргизилип жатат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев транспорт тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чарада маалымдагандай, акыркы жылдары өлкөдө жол куруу тармагында масштабдуу иштер жүрүп жатат. Транспорт тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулгандыктан бюджеттен каралган акча каражатынын өлчөмү кыйла жогорулады.

“Өлкөнүн бюджетинин кирешесинин көбөйүшү менен инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылууда. Мурда жол курууга жылына 2 миллиард сомго жакын каражат бөлүнсө, акыркы жылдары бул көрсөткүч 60 миллиард сомго жетти. 2021-жылы 175 чакырым жолго асфальт төшөлсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 1 545 чакырымга жеткен, ал эми быйыл 2 000 чакырымга жакын жол курулмакчы”, - деди минкаб жетекчиси.
КМШнын ардактуу жолчусу Талант Садакбаев союз маалынан бери жол-транспорт тармагында 20 жылдан ашык убакыттай эмгектенген. Ал мурдагыга салыштырмалуу азыр жол курууда жаңы технологиялар, атайын техникалар пайдаланылып, ишти тез жана сапаттуу кылууга мүмкүнчүлүктөрдү ачканын белгилейт.
Талант Садакбаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, жол тармагын өнүктүрүү экономиканын өсүшүнө жана калктын турмушун жакшыртууга түрткү берет.

Өлкөдө акыркы жылдары республикалык бюджеттен жол курулушуна жана инфраструктураны жакшыртууга каражат көбүрөөк бөлүнүп жатат. Жол бул ар бир өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү, соода-сатыктын жанданышы жана аймактар аралык байланыштын бекемделишине өбөлгө түзөт.
Адис жол курулушундагы негизги жетишкендиктерди тизмектеп берди:
- Транспорт чыгымдарын кыскартуу: Товардын баасынын кеминде 30%ы транспорттук чыгымдарга туура келет. Жолдордун жакшырышы товарды ташуу чыгымдарын азайтып, баалардын кымбаттап кетүүсүнүн алдын алат.
- Эл аралык каттамдардын ачылышы: Кытай, Казакстан, Өзбекстан багыттарында жаңы жолдордун салынышы жана кээ бир жайлоолорго, чектеш аймактарга чейин темир жол же унаа жолдордун тартылышы экономикалык алакаларды күчөтүүдө.
- Туризм потенциалы: Лыжа базаларынын жана кооз жерлердин тегерегиндеги жолдордун оңдолушу туристтердин агымын көбөйтүп, чет өлкөдөн келген коноктордун санын арттырууда.
Адис жол тармагына көңүл буруу бул ар бир жаранга түзулгөн шарт жана өлкөнүн келечегине жасалган инвестиция деп эсептейт.