Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Беш жылда республикалык бюджеттен Талас шаарынын жолдорун өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн Талас шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда белгилүү болду.
Маалымдалгандай, жол жана коммуналдык инфраструктураны жаңылоо боюнча олуттуу иштер жүргүзүлгөн. 2021–2026-жылдары республикалык бюджеттен жолдорду өнүктүрүүгө 2,08 млрд сом бөлүнгөн.
Бул убакыт аралыгында 57,6 км жол асфальтталып, 62 км тротуар курулган.