Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.
Анда маалымдалгандай, шаарда жалпы наркы 11,8 млрд сомду түзгөн бир катар ири долбоорлор ишке ашырылды.
Алардын катарында “Баластан” балдар оюн-зоок борбору, “Баатырлар” борбордук паркы, жаңыланган борбордук аянт, К. Нуржанов атындагы аллея, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аймактык филиалы жана “Акылман” президенттик лицейи бар.