Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.
Мамлекет башчысына акыркы беш жылда жергиликтүү бюджеттин көлөмү төрт эседен ашык көбөйүп, 2021-жылдагы 224 млн сомдон 2026-жылдын күтүлүп жаткан жыйынтыгы боюнча 947,6 млн сомго жетери маалымдалды.