Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Жыл соңуна чейин 200 чакырымдай жол асфальтталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди.
Анын айтымында, учурда салынган жолдордун узундугу 1800 чакырымга жакындады.
“Жыл аягына чейин быйыл асфальтталган жолдордун узундугу 2 миң чакырымга жеткирилет. Жылдан-жылга өлкөдө жол куруу иштери көбөйгөндүктөн жолчуларды техника менен камсыздоо иштери жүргүзүлүп жатат”, - деди министр.