Астанада ЕАЭБ өлкөлөрү транспорттук саясатты ишке ашырууну талкуулады

Коом
856659934_1429716102670465_1843426967660939222_n.jpg
854130986_1429716046003804_8313692494320099884_n.jpg
854881459_1429716062670469_3692231933859227555_n.jpg
857370547_1429716096003799_794432995251231976_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Астанада ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин 11-жыйынына катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйын "NEW SILK WAY" эл аралык транспорттук-логистикалык бизнес-форумунун алкагында өттү.

Анда эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, инфраструктуралык чектөөлөрдү жоюу жана ЕАЭБдин транзиттик потенциалын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Солтобаев Кыргызстандын транспорттук коридорлордун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, жүк ташуудагы тоскоолдуктарды азайтуу жана өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү багытында иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи.