Кызыл-Кыяда 3 көчө оңдолуп, балдар аянтчалары курулду

Аймак
Кызыл-Кыяда 3 көчө оңдолуп, балдар аянтчалары курулду
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 18.11.26 /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында үч көчө капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, балдар жана спорт аянтчалары курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, атап айтканда Ак-Булак айылындагы Свердлов, Крупский жана Корчагин көчөлөрү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Шаардын 1-кичи жана Январский кичи райондорунда балдар жана спорт аянтчалары курулду.

Ошондой эле №4 жана №2 мектептердин аймактары оңдолуп, жашылдандырылды. Мындан тышкары, №7 "Байчачекей" бала бакчасына музыкалык зал курулууда.

Аталган долбоорлорго 57,8 млн сом жумшалды. Анын 46,6 млн сому жергиликтүү бюджеттен, 11,2 млн сому дем берүүчү гранттардан бөлүнгөн.