Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Бүгүн, 5-ноябрдан тарта М. Ауэзов көчөсүнүн айрым бөлүгүндө унаа кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда жол куруу тармагындагы жаңы эксперименталдык технологияны сыноо иштери жүрөт.
Буга байланыштуу 5-ноябрда саат 08:00дөн 8-ноябрда саат 20:00гө чейин Мухтар Ауэзов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Сагынбай манасчы көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.