Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Ош облусунда Ош – Кара-Суу унаа жолун кеңейтүү жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.
Долбоорго ылайык, жалпы узундугу 18 чакырым 690 метр болгон жол тилкеси толугу менен жаңыланып, төрт тилкелүү автожолго айландырылат. Жолдун туурасы 22 метрге чейин кеңейтилет.
"Автожол эл аралык маанидеги транспорттук каттамдардын бири болуп саналат. Ошондуктан жол оор жүк ташуучу унаалардын үзгүлтүксүз жана коопсуз жүрүүсүнө ылайыкташтырылып курулууда. Жолдун жүрүүчү бөлүгүнө эки катмар асфальт төшөлөт. Төмөнкү катмар 9 сантиметр, үстүңкү катмар 6 сантиметр калыңдыкта төшөлүп, жалпы асфальт катмарынын калыңдыгы 15 сантиметрди түзөт. Жолдун эки тарабына туурасы 3 метрден болгон жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуарлар жана веложолдор курулат. Жеринде 120 атайын техника, 150 кызматкер иш алып барууда",-деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, долбоордун алкагында жалпы 4 көпүрө куруу каралган. Учурда алардын үчөө толугу менен курулуп бүтүп, бир көпүрөдө курулуш иштери улантылууда.