Манаста 460 метрлик көчө толугу менен оңдолду

Аймак
Манаста 460 метрлик көчө толугу менен оңдолду
copyright icon Жалал-Абад шаарынын мэриясы

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Манас шаарындагы Т. Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыкта К. Атыкеев көчөсүнө асфальт төшөлдү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, оңдолгон жолдун узундугу 460 метрди, туурасы 6 метрди түзөт.

Белгиленгендей, асфальт төшөө иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, Манас шаарынын мэриясынын Жол башкармалыгы тарабынан аткарылды.