Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгына ылайык “Достук” ордени менен сыйланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Орден Өзбекстандын президентинин атынан өлкөнүн маданият министри Озодбек Назарбеков тарабынан тапшырылды.
Эске салсак, бүгүн министр баштаган делегация Ош шаарына келген.