Жаза аткаруу тутумунда коррупцияга каршы күрөш күчөтүлүүдө

Коом 1 апрель 2026 10:16
660444338_1264562209196162_4022534438834375933_n.jpg
661198427_1264562235862826_6572051499169907388_n.jpg
660480331_1264562205862829_1236190175097706578_n.jpg
Алдыга
Артка
660444338_1264562209196162_4022534438834375933_n.jpg
661198427_1264562235862826_6572051499169907388_n.jpg
660480331_1264562205862829_1236190175097706578_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Жаза аткаруу тутумунда коррупцияга каршы семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын алкагында Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы тарабынан кызматкерлер үчүн коррупциянын алдын алуу жана мыйзамдуулукту бекемдөө багытында жыйын өткөрүлдү.

"Анда өзгөчө көңүл коррупциялык укук бузуулардын алдын алууга, кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзамдуулукту сактоого жана мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу чараларына бурулду. Мындай иш-чаралар мамлекеттик органдарда ачык-айкындуулукту бекемдеп, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган", — деп айтылат маалыматта.