Бишкек, 03.04.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Сагымбай манасчы көчөсүндөгү муниципалдык жерлерди тазалоо жана мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштеринин жүрүшүн текшерди.
Мэриядан билдиришкендей, текшерүү учурунда "Жасмин" кафесинин ээси менен жолугушуу болуп, ишкер имаратты бузбай, мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү каалоосун билдирди.
Бирок калаа башчысы бул сунуштан баш тартып, мыйзам алдында баары бирдей экенин эскертти.
"Сунушуңуз үчүн рахмат, бирок бул курулуштар бузулууга тийиш. Эгерде биз бизнеске бул курулуштар иштебеши керектигин айтсак, анда муниципалитеттин да аларды колдонууга укугу жок. Имарат сууну коргоо зонасында жайгашкан жана учурдагы мыйзамдар аны ишкерлерге да, муниципалитетке да колдонууга тыюу салат", — деп белгиледи Айбек Жунушалиев.
Мэрдин тапшырмасы менен аталган аймактагы “Жасмин”, “Веранда” жана “Малик” тамактануучу жайларын алуу иштери улантылууда. Алардын ордуна ЖЭБдин техникалык каналынын үстүнө көпүрө салынып, каналдын боюнда заманбап сейилдөөчү аймак (променад) курулат. Калаа башчысы жаңы эс алуу жайында жарандардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну милдеттендирди.