Мамлекет менен бизнес желим калдыктарына каршы биригет

Коом Загрузка... 18 Март 2026 18:08
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөдөгү ири компаниялардын катышуусунда "Жашыл ишкер" аттуу тегерек стол өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда желим калдыктарын азайтуу жана айланма экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекет менен бизнестин кызматташуусу талкууланды.

Жолугушууга "Шоро", "Кока-Кола Бишкек Боттлерс", "Азия Ритейл", "Умай Групп", "Партнёр Нефть" сыяктуу ири ишканалардын жана кайра иштетүүчү компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда шаардагы соода түйүндөрүнө, май куюучу жайларга жана окуу жайларына желим бөтөлкөлөрдү жана алюминий банкаларды кабыл алуучу атайын автоматтар орнотулары айтылды. Калкты кызыктыруу үчүн бонус берүү системасы каралат.

Ошондой эле экологиялык жоопкерчиликтүү (ESG рейтинги жогору) компанияларга мамлекет тарабынан атайын "Жашыл ишкер" статусун берүү сунушталды.

Өлкөдө полимер пакеттерин чектөө демилгесинин алкагында, соода тармактарына экологиялык таза таңгактарга өтүү сунушталды.

Министрдин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев белгилегендей, Кыргызстан инновациялык чечимдер аркылуу пластик булганышына каршы күрөшүүдө Борбор Азияда лидер болууга мүмкүнчүлүгү бар.

Тегерек столдунн жыйынтыгында желим калдыктарын нөлгө түшүрүү боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу чечими кабыл алынды.