Жапаров Ысык-Көлдү сактоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштады

Президент 22 сентябрь 2026 22:50
Жапаров Ысык-Көлдү сактоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштады
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.09.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын дебаттарында сүйлөп жатып, Ысык-Көлдү сактоо боюнча БУУнун алкагында атайын биргелешкен трасттык фонд түзүүнү сунуштады.

Мамлекет башчысы Ысык-Көл бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу олуттуу коркунучтарга туш болуп жатканын белгиледи.

“Баарыбызга маалым болгондой, глобалдык көйгөйлөрдүн жана кырсыктардын башаты жергиликтүү деңгээлде жатат.  Бул маселе ЮНЕСКОнун биосфералык коругу жана эл аралык маанидеги Рамсар аймактарынын тизмесине кирген уникалдуу, бийик тоолуу Ысык-Көлгө тиешелүү.
Бүгүнкү күндө бул баа жеткис табигый суу резервуары катуу климаттык стресске дуушар болууда.  Акыркы 170 жыл ичинде суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөдү, ал эми акыркы 5 жылда көлдүн деңгээлинин төмөндөө ылдамдыгы жылына 7 сантиметрге жетти. Көлгө эзелтен бери куюп келген 101 дарыянын ичинен учурда 30га жакыны гана куюп калды”, — деди Садыр Жапаров.

Президенттин айтымында, Ысык-Көлдүн негизги суу булагы болгон Тянь-Шань тоолорундагы мөңгүлөрдүн 70 жыл ичинде 30 пайыздан ашыгы эрип кеткен.

“Климаттын өзгөрүшүнүн масштабы жана ылдамдыгы ар бир тоолуу мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрүнөн ашып түшөт жана консолидацияланган эл аралык аракеттерди талап кылат. Ысык-Көлдүн жоголуусу жергиликтүү трагедия эмес, бүткүл аймак үчүн орду толгус экологиялык көйгөйгө айланат”, — деди мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров Арал деңизи жана Чад көлүнүн тагдыры Ысык-Көл үчүн ачык эскертүү болушу керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы БУУнун эл аралык каржы институттарын, донор өлкөлөрдү жана өнөктөштөрдү Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын трасттык фонд түзүү демилгесин колдоого чакырды.

“Ниеттерибизди конкреттүү иштер менен көрсөтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен фондго 10 миллион АКШ долларын салууга даярбыз”, — деди президент.

Ал Ысык-Көлдү “жалпы климаттык аманат” деп атап, аны сактоо үчүн эл аралык өнөктөштүктү күчөтүүгө чакырды.

“Биздин маданиятыбызда “аманат” деген түшүнүк бар. Бул ата-бабаларыбыз бизге мурас калтырган нерсени көздүн карегиндей сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү милдети.
Андыктан Ысык-Көл — бул биздин жалпы климаттык аманатыбыз десек туура болот. Биз сиздерден жардам сурап жаткан жокпуз. Биз Жер планетасынын уникалдуу жаратылыш ресурсун сактап калуу үчүн биргелешкен глобалдык өнөктөштүктү сунуштап жатабыз”, — деди Садыр Жапаров.