Жамин Акималиевдин “Жүрөктү жылыткан жылдарым” китебинин бет ачары өттү

Коом Загрузка... 26 Ноябрь 2025 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.11.25 /Кабар/. Бүгүн Улуттук илимдер академиясында академик Жамин Акималиевдин “Жүрөктү жылыткан жылдарым” аттуу китебинин бет ачар аземи өттү.

Иш-чарага окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окутуучулар, адабиятчылар, академиктин шакирттери менен жакындары катышууда.

Бет ачарды Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов ачып, катышуучуларга академик Жамин Акималиев тууралуу тартылган кыска даректүү тасма көрсөтүлдү.

Автор өзүнүн бул китебинде 90 жылдык өмүрүндөгү орчундуу окуялары, эмгек жолу, өзү замандаш болгон саясат, илим, билим, маданият тармагынын залкар инсандары, Исхак Раззаковдон башталган, Садыр Жапаровго чейин өлкөнү башкаруу учурлары, жетишкендиктер жана мүчүлүштөр тууралуу кеңири баяндаган.

Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы, КРнын эмгек сиңирген юристи Бекбосун Бөрүбашов “Жүрөктү жылыткан жылдарым” китебин бир дем менен окуп чыккандыгын белгиледи.

“Бул китепте биринчиден кыргыз элинин жашоо-турмушу, экинчиден адамдын эмгеги, үчүнчүдөн улууга урмат, кичүүгө ызат деген негизге таянган тарбия маселеси, ошондой эле бир кездеги бийлик менен илимдин эриш-аркак иш алып барышы камтылган”,-экен деди.

Белгилей кетсек, академик Жамин Акималиев 1936-жылы Ак-Талаа районуна караштуу Үгүт айылында жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун селекция станциясынын илимий кызматкеринен баштап, айыл чарба министринин орун басары, айыл чарба институтунун ректору, республикалык агроөнөржай комплекс борборунун төрагасы ж.б кызматтарын аркалап, илимде академик даражасына чейин жеткен. Окумуштуунун 100дөн ашык илимий эмгектери жарыяланган.