Бишкек, 28.05.25 /Кабар/. Жалал-Абадда салынып жаткан жаңы аэропорт 380 гектардан ашык аянтка жайгашып, анын ичинде эки кабаттуу жүргүнчү терминалынын аянты 10 миң чарчы метрди түзөт.
"Кыргызстан аэропорттору" ААКнын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 350дөн ашык жүргүнчүнү түзөт.
Аэродромдун инфраструктурасы эл аралык стандарттарга жооп берип, анда 3800 метрлик учуу-конуу тилкеси орун алат. Аэропорт 4E категориясына кирет, бул Boeing 737, Airbus A320 жана A321 сыяктуу ири авиалайнерлерди кабыл алууга мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Белгилей кетсек, 13-майда президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Сузак районундагы «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун курулушуна капсула салуу аземине катышкан.