Садыр Жапаров "Жалал-Абад" эл аралык аэропортунун курулушуна капсула салды

Президент 1609 13 Май 2025 15:40
497021666_1230617279072904_5860630903563457676_n (1).jpg
496813481_1230617949072837_1330765073619308718_n.jpg
496502404_1230617915739507_3322409662090117737_n.jpg
496297031_1230617879072844_2811729663846461507_n.jpg
496328915_1230617825739516_227368897897210235_n.jpg
497515097_1230617809072851_4372767470829468256_n.jpg
497491168_1230617749072857_9022927933548830748_n.jpg
496770576_1230617695739529_6793381204085089719_n.jpg
496934668_1230617662406199_1951705360531875625_n.jpg
497455135_1230617602406205_8337969763284093414_n.jpg
497491136_1230617329072899_9181372850062293865_n.jpg
497446822_1230617579072874_8852554613718578562_n.jpg
496253605_1230617325739566_6118170775712873609_n.jpg
496523166_1230617545739544_8676225195415008827_n.jpg
496814912_1230617495739549_3670748042602552504_n.jpg
496792609_1230617465739552_3257147365005160696_n.jpg
496296118_1230617429072889_4621820343047888068_n.jpg
497021666_1230617279072904_5860630903563457676_n.jpg
496767535_1230617262406239_1433309505042668896_n.jpg
пр
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.05.2025. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Сузак районундагы «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Мамлекет башчысына жаңы аэропорт 380 гектардан ашык аянтка жайгашаары маалымдалды. Эки кабаттуу жүргүнчү терминалынын аянты 10 миң чарчы метрди түзүп, өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 350 жүргүнчүнү түзөт.

Садыр Жапаров белгилегендей, азыркы тапта өлкөбүздө авиажүргүнчүлөрдүн агымынын олуттуу өсүшү менен ички жана эл аралык аба каттамдарына суроо-талаптар жогорулоонун үстүндө. Бул өлкө аймагында аэропортторлу кеңейтүү зарыл дегенди туюндурат.

«Соңку жылдары өлкөбүздө авиация тармагында кеңири реформалар жүргүзүлүп, коопсуздукту жогорулатуу, инфратүзүмдү жаңылоо, кадрдык базаны чыңдоо жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү багытында реалдуу жыйынтыктарга жетиштик. «Жалал-Абад» эл аралык жаңы аэропортунун курулушун баштоо буга айдан ачык мисал болуп бере алат», - деп баса белгиледи президент.

Аэродромдун инфратүзүмү эл аралык стандарттарга жооп берет: 3800 метрлик учуу-конуу тилкеси, эки рулеждик жолчо жана алты учак токтотуучу жай аэропортко жүргүнчүлөрдү да, жүктөрдү да кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Жаңы аэропорт 4E категориясына кирет, бул Boeing 737, Airbus A320 жана A321 сыяктуу чоң учактарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн ачат.

Мамлекет башчы Кыргызстан 2006-жылдан бери кирген Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу боюнча үч жылдан бери ийгиликтүү иштеп жатканын жана буга чейин Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эки аудитинен өткөнүн баса белгиледи. Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги ушул айда Брюсселге кошумча документтерди тапшырууну пландоодо.

Ал ошондой эле Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту колледжден жогорку окуу жай катары кайра түзүлгөнүн эске салды. Бул чечим материалдык жана интеллектуалдык ресурстарды айкалыштырууга, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү камсыз кылууга мүмкүндүк берди.

«Өлкөдө 2021-жылдан бери жүргүнчүлөрдүн агымы 46%га, рейстердин саны 31%га өстү. Жаңы учактар алынып, мурда токтоп турган аймактык аэропорттор ишке киргизилди. Мындай жетишкендиктерибиздин арасында “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын ордун баса белгилеп, анын ички каттамдарды баарын калыбына келтирип, Талас, Каракол, Кербен сыяктуу шаарлар менен аба байланышын камсыз кылууга жетишкендигин айта кетейин», - деди Садыр Жапаров.

Азыркы Жалал-Абад аэропорту 1938-жылы жайкы талаа катары ачылган. 1972-жылдан бери аэробекет имараты жана асфальтталган учуу-конуу тилкеси ачык. Быйыл бул жерде 80 миңден ашык жүргүнчүнү тейлөө күтүлүүдө. Бирок азыркы инфратүзүмү өсүп жаткан агымга туруштук бере албайт.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров жөн гана оңдоп-түзөбөй, нөлдөн баштап курула турган «Жалал-Абад» эл аралык жаңы аэропорту жалпы Фергана өрөөнүндө логистика, соода, туризм жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын канааттануу менен белгиледи.