Жалал-Абаддын Кара-Булак айылында жаңы мектеп ачылды

Аймак 14 сентябрь 2026 15:45
0a4f02ba-dc25-4bf3-a376-ab3190370004 (1).jpg
d9fb84c7-fdf0-4d7b-ad31-e985eed19607.jpg
082dfe28-9f94-4579-a17e-21e6e63d87aa.jpg
d822e305-6b06-42a9-8dd1-92350c41a594.jpg
43de28fd-f8ed-472b-b0d7-900e1ed1716d.jpg
727c9ca1-32e2-4c8d-814c-ca87e0e69174.jpg
5c48a9af-f251-416a-8cc5-26333118d024.jpg
cf8610e6-03c7-476c-a568-3e95faa3ed49.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Булак айылында А. Молдоисаев атындагы №59 жалпы билим берүүчү мектептин ачылыш аземи болуп өттү.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.

Мектеп Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча пайдаланууга берилген 105 социалдык объекттин катарына кирди. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Жаңы мектеп заманбап талаптарга жооп берет. Имараттын жалпы аянты 1 281 чарчы метрди түзөт. Долбоорго ылайык, эки кабаттуу окуу корпусунда окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана сапаттуу билим алууга зарыл болгон бардык шарттар каралган.