Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Манас шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасында 375 орунга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен жана Турукташтыруу фондунан каржыланып, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган.
Жалпы аянты 4 миң 200 чарчы метрди түзгөн төрт блоктуу заманбап мектепте окуу класстарынан сырткары лабораториялар, китепкана, ашкана, медициналык кабинет, компьютердик жана эмгек бөлмөлөрү, жыйындар залы жана бардык шарттары бар спорт зал каралган.