Жакынкы Чыгыштан дагы 142 кыргызстандык мекенге кайтарылды

Коом Загрузка... 15 Март 2026 09:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 15.03.26 /Кабар/. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн дагы 142 кыргызстандык мекенге кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

ТИМ Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн жарандарды кайтаруу иш-чараларынын кезектеги этабын аяктады.

"Бүгүн, 15-мартта саат 06:30да "Манас" эл аралык аэропортуна Сауд Аравия Падышалыгынан 142 кыргызстандык менен атайын учак ийгиликтүү келип конду. Буга чейин маалымдалгандай, иш-чаранын биринчи этабында Кувейт, Бахрейн жана Катар мамлекеттеринде жүргөн жарандарыбыз атайын автобустар менен Эр-Рияд шаарына жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлиги кырдаал толук турукташканга чейин жарандарды аталган өлкөлөргө убактылуу баруудан карманууга дагы бир ирет чакырат.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстанга Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн 3 миңдей кыргызстандык кайтып келген. Алардын ичинен 426 жаран мамлекет уюштурган акысыз каттамдар менен келсе, ал эми калгандары өз алдынча учуп келишкен.